ӨКМден билдиришкендей, Ысык-Көлдө бороондо калган эки жаран куткарылды.
7-апрелде эки жаран Жети-Өгүз районунун Ак-Шыйрак айылынан Барскоон айылына «Toyota Land Cruiser» унаасы менен кетип, унаа жол бороон болгондуктан байланышка чыкпай, дайынсыз болушкан.
Жогорудагы аталган жарандар заставадан 18 чакырым аралыктан аман-эсен табылган. Абалдары жакшы.