7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө эс алуучулар үчүн колл-борбор иштей баштады

438

Ысык-Көлдө эс алуучулар үчүн туристтик милициянын колл-борбору ачылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдирди.

Милициянын эң негизги милдети – ар бир меймандын коопсуздугу жана ыңгайлуулугун камсыздоо. Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясы бардык маселелерде жардам көрсөтүүгө, келип чыккан көйгөйлөрдү чечүүгө жана облустун аймагында тартипти катуу көзөмөлдөөнү камсыз кылат.

Туристтик-экологиялык милициянын адистештирилген колл-борбору туристтер үчүн төмөнкү байланыш номерлери аркылуу жеткиликтүү:

телефон: +996 705 009 102; WhatsApp: +996 705 009 102

«Ысык-Көлдөгү эс алууңуздун ар бир көз ирмеминен ырахат алыңыз. Биз сыймыктануу менен бардык коноктор үчүн жогорку деңгээлдеги кызматты жана колдоону улантабыз», — деп айтылат билдирүүдө.

439