7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Ысык-Көлдөгү 23 жаштагы жигиттин өлүмүн милиция жаап-жашырууга аракет кылып жатат» дегендерге милициянын жообу

1578

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы жарандардан 23 жаштагы жигиттин өлүмү боюнча такталбаган маалыматтарга ишенбөөчүлүк көрсөтүүнү жана расмий маалымат булактарына гана таянууну өтүнөт.

“Социалдык тармактардын айрым колдонуучулары соттук-медициналык экспертизанын жүрүшү боюнча эч кандай түшүнүгү жок эле, эксперттер жана милиция бул окуяны жаап-жашырууга аракет кылып, каза болгон 23 жаштагы Талас облусунун тургунунун өлүмүн, анын эпилепсия оорусу менен байланыштырууга аракет кылып жатышат деп ишендиришүүдө. Бул маалымат чындыкка дал келбейт.

Буга чейин белгиленгендей, Бостери айылынын көл жээгинде эс алуучунун каза болгон фактысы, Ысык-Көл РИИБдин маалыматтарды эсепке алуунун электрондук журналында катталган. Окуянын күбөлөрү аныкталып, суралган. Өлүмдүн себебин аныктоо максатында, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Мындан тышкары, Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы ар кандай күмөн саноолорду жоюу максатында, каза болгон жигиттин жакындарына аталган экспертизаны Талас облустук соттук-медициналык экспертиза бюросунда жүргүзүүнү сунуштаган жана алар өз макулдугун беришкен. Учурда соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыга элек.

Экспертизанын чыгарган жыйынтыгы боюнча Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан мыйзам талаптарга ылайык чечим кабыл алынат. Ушундан улам, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы жарандардан такталбаган маалыматтарга ишенбөөчүлүк көрсөтүүнү жана расмий маалымат булактарына гана таянууну өтүнөт.

Айрым социалдык тармактардын колдонуучулары көл жээгиндеги мушташтын видеосун таратып, аны Талас облусунун 23 жаштагы тургунунун өлүмү менен байланыштуу деп ишендиришүүдө. Бул маалымат чындыкка дал келбейт. Аталган видеодогу окуя, ушул жылдын 3-июль күнү Кара-Ой айылынын пляж аймагында, жергиликтүү тургундар менен «Акун» пансионатынын кызматкерлеринин ортосунда болгонун билдиребиз”, — деп берилет маалыматта.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1579