7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдөгү баасы 1 млрд. сомдон ашкан «Симирам» эс алуу борбору мамлекетке кайтарылды

536

Ысык-Көл облусундагы баасы 1 млрд. сомдон ашкан «Симирам» эс алуу борбору мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

К. Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун ишин каржылоо фактысы боюнча катталган кылмыш ишинин материалдары боюнча тергөө-оперативдүү иш-чараларды жүргүзүүнүн алкагында Ысык-Көл облусунун Корумду айылынын аймагында жайгашкан, жалпы аянты 4679 чарчы метр имараттардан жана курулмалардан турган, болжолдуу наркы 1 млрд. 84 млн. 657 миң сомду түзгөн «Симирам» эс алуу борбору кайтарымсыз негизде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүлүп берилди.

Учурда УКМК тарабынан кылмыштуу жол менен табылган мүлктөрдү, анын ичинде уюшкан кылмыштуулуктун өкүлдөрүн аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам иш-чаралар улантылууда.

537