Ысык-Көл облусунда мурдагы «Электр-техникалык заводдун» имараты мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдирет.
«Каракол шаарында жайгашкан, жалпы пайдалуу аянты 4640,07 чарчы метр, ал эми жанаша жайгашкан 9970,90 чарчы метр жер тилкеси менен наркы 252 млн. 407 миң сом болгон мурдагы «Электр-техникалык заводдун» имараты мамлекеттин менчигине кайтарылды»,- деп айтылат маалыматта.