Президент Садыр Жапаров алдыдагы шайлоого байланыштуу соцтармактагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасады.
«Урматтуу кыргызстандыктар! Буга чейин жергиликтүү кеңештерге үгүт өнөктүгү башталардын алдында сиздерге видео кайрылуу жасап, анда алдыдагы шайлоонун маанилүүлүгүнө токтолдум эле. Бул жолу соцтармактагы баракчам аркылуу дагы бир ирет сиздерге кайрылууну туура көрдүм. Азыр шайлоолор мурункудай эмес. Мурун кандай болгонун баарыңыздар эле менден жакшы билесиздер. “Карусель” дегенди колдонуп, бюллетендерди таңгактап урнага таштаган учурлар болгон. Азыр анын бири жок. Баардыгы автоматташтырылган. Бишкекте же облустардын борборунда туруп ар кыл айылдардагы өздөрүнүн жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлай алышат. (БШК белгилеген тартипте аралыктан шайлайм деп 6-ноябрга чейин катталып койгондор үчүн)
Бир шайлоо тилкесинен бир добуш берип, анан кайра башкасына бара коюп добуш берем деген “карусель фокустар” өтпөйт. Санарип системасы тигил же бул жаран кайсыл шайлоо тилкесинен добуш бергенин дароо көрсөтүп коёт. Өлкө боюнча баардык шайлоо тилкелеринде видеобайкоо камералары коюлган. Алар БШКнын башкы имаратынан түздөн-түз көрүнүп турат. Кыскасы, добуштар уурдалат, шайлоонун жыйынтыгы бурмаланат дегенге кыпындай да негиз жок. Мунун баары эмнеге жасалып жатат? Элибиздин эң башкы конституциялык укугун ишке ашыруусун камсыз кылуу үчүн жасалып жатат.
Шайлоолордун чоң, кичинеси болбойт. Жергиликтүү эле кеңештердики деп жээрибеңиздер. 17-ноябрда шайланып келген депутаттар биринчилерден болуп эле жер-жерлерден Элдик Курултайдын делегаттарын шайлашат. Андыктан Элдик Курултайдын курамдык сапаты сиздер шайлай турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынан көз каранды болот. Курултайда кайсыл гана маселе болбосун көтөрүп чыга алышат.
“Сөз эркиндиги жок, бизге кысым болууда” деген айрым “журналист сымалдар, блогер сымалдар” бар. Ошолорго айтаарым: өзүңүздөрдүн аймактан, шаарлардан, айылдардан Курултайга делегат болуп шайланып келиңиздер. Өзүңөрдүн эл алдындагы аброюңарды көрсөтүп, бийликке карата каалаган суроолоруңарды бериңиздер. Биз силерден кача турган суроо жана маселе жок.
“Дүжүр Курултай болду же дүжүрлөр шайланып келишти” деген сөздөрдү кайталабаш үчүн бийликке нааразы болгон “блогерлер, журналисттер, активисттер, акылдуу сымалдар”, Элдик Курултайга шайланып келип, болгон суроолоруңарды узатып, ой-пикирлериңерди, дооматтарыңарды түз эфирде ачык айтыңыздар. Курултайдын делегаттарын шайлоого бийлик, мамлекеттик түзүмдөр кийлигишпейт. Элдик Курултай бул бийлик менен элдин ортосундагы диалог. Мындан артык дагы кандай диалог керек силерге? Өткөн Курултайларда айтылган көйгөйлөрдү чечип келе жатабыз. Ошол эле мектеп, бала бакча, турак жай маселелери айтылган. Бул багытта кандай иштер аткарылганын жана аткарылып жатканын билесиздер. Бул айылда, тигил шаарда жол начар, ал жок, бул тартыш дегендердин баардыгына көңүл буруп, аткарып келе жатабыз.
Дагы бир жолу кайталайм, Курултайда делегаттар каалаган маселесин көтөрө алат. Кыргызстанда сөз эркиндиги болуп келген жана боло берет. Каалаган сөзүңдү ачык айта бер. Элдин баары эле айтып атат. Эч кимге тыюу жок. (Азаттык, Кактус, Политклиника, Клооп сыяктууларга тиешелүү) Болгону жалган айтпа, бирөөгө курулай жалаа жаппа, жеке абройуна шек келтирбе. Элди козуткан жалган маалыматтарды таратпа. Европа жана Америка өлкөлөрүнөн “качкын” макамын алыш үчүн өз өлкөңдү, өз элиңди жамандаба. Эми жыйынтыктап айтсам, 17-ноябрдагы шайлоолорго активдүү катышыңыздар! Андан кийин Элдик Курултайдын делегаты болууга аракет кылыңыздар жана делегат болуп келип, элди түйшөлткөн, элге пайда бере турган маселелерди көтөрүңүздөр. Биз аткарууга даярбыз»,- дейт өлкө башчы.