7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө “Хизб ут-Тахрир” экстремисттик уюмунун материалдары табылды

532

УКМК тарабынан Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында, Ак-Суу жана Түп райондорунда “Хизб ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча издөө иш-чараларынын алкагында 13 даректе уруксат берилген тинтүү иштери жүргүзүлдү.

Натыйжада 142 даана диний адабияттар, баракчалар, брошюралар, ошондой эле 38 электрондук алып жүрүүчү, флеш-карталар, дисктер жана 28 уюлдук телефондор түрүндөгү буюм далилдери табылып алынып, процессуалдык түрдө документтештирилди.

Теологиялык экспертизанын жыйынтыгында алардын арасынан “Хизб ут-Тахрир” ДЭУнун экстремисттик мүнөздөгү материалдары табылган.

Учурда кылмыш иши козголуп, керектүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

533