7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө үйүнө 11 килограмм баңгизат сактап жүргөн «Куба» кармалды

475

Ысык-Көл районунун тургунунун үйүндө 11 килограмм марихуана табылды. Бул тууралуу ИИМден маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл районунун аймагында “Куба” аттуу жаран баӊгизатын ири өлчөмдө чогултуп, аларды сатуу максатында сактап жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн. Алынган маалыматты текшерүү үчүн Ысык-Көл РИИБде катталып, маалыматтагы адамды аныктоо боюнча башкармалыктын кызматкерлери тарабынан тергөө ыкчам иш-чараларын жүргүзүүдө, ал Ысык-Көл районунун тургуну 1977-жылы туулган Д.К.Т. экендиги аныкталган.

Анын кылмыштуу ишмердүүлүгүн аныктап, жоопко тартуу максатында кылмыш иши козголгон.

«Кылмыш ишинин алкагында жашаган дарегинде тергөө амалдарын жүргүзүүдө үйдүн ичинен жатуучу бөлмөдөн бир даана капка жана 1 даана кара түстөгү баштыка салынган өзгөчө жыты бар зат алынып, соттук химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык салмагы 11 кг. 095 гр. түзгөн марихуана жана анын чаӊын түшүрүү үчүн дайындалган чүпүрөк-торчо табылып алынган» — деп айтылат маалыматта.

476