7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө үйүнө баңгизат, ок атуучу курал сактаган жаран кармалды

233

Ысык-Көлдө үйүнө баңгизат, ок атуучу курал сактаган жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлерине 40-45 жаштар чамасындагы азиат түспөлүндөгү жаран Ысык-Көл облусунун аймагынан Бишкек шаарына сатып өткөрүү максатын ишке ашыруу үчүн, табигый өсүүчү баңгизаттарды сактоо жана жасоо менен алектенип жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.


Мыйзамсыз иш-аракеттердин фактыларын аныктоо максатында, 2020-жылдын декабрь айынын башында ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери Ысык-Көл районунун Семеновка айылында жашаган, 1971-жылы туулган А.Ж. аттуу атуулдун үйүнө санкциялаштырылган тинтүү иш-чараларын жүргүзүшкөн.


Аталган иш-чараны жүргүзүү алкагындагы атайын тергөө амалдарынын натыйжасында шектүүнүн үйүнөн кара-жашыл түстөгү кендир жыттанган, капка салынган зат табылып алынган. Мындан тышкары, тинтүү учурунда мыйзамсыз курал-жарактарды сактап жүрүү фактысы аныкталып, уруксат берүүчү документтери жок эки бирдик 16-калибриндеги сайсыз куралдар табылып алынган.


«Соттук-химиялык изилдөөнүн корутундусуна ылайык, табылып алынган зат салмагы 4 кг 300 граммды түзгөн «марихуана» баңгизаты экендиги аныкталган. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

234