Ысык-Көлдө унаа толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ 4-апрель күнү саат 12:50 чамасында Ак-Суу районунун Сары-Камыш айылынан Шакирт-Ата көчөсүндө жайгашкан үйдүн короосунда Гольф-2 үлгүсүндөгү унаадан өрт чыкканадыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине Ак-Суу райондук №39 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүкчө тартылып, саат 13:03тө чектөөгө алып, 13:13тө толук өчүрүлгөн. Өрттөн жеңил унаа толук күйүп кеткен. Жабыркагандар жок. Өрттүн келип чыгуу себеби — электр зымдардын кыска чыңалуусу.