7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө куралдардын жана ок-дарылардын кампалары табылды

373

27-ноябрда УКМК Ысык-Көл облусунда курал жарактар менен ок-дары сакталган жер табылды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма соз кызмат билдирди.


Маалыматка ылайык, табылган жерден «ТТ» жана «ПМ» маркаларындагы тапанча, аңчылык куралы (карабин менен кесилген мылтык), 39 ок дары жана 6 газ травматикалык тапанчанын 6 огу табылып алынды. Табылып алынган курал жарак жана ок-дарылар тиешелүү экспертизага жөнөтүлөт.


«Сотко чейинки өндүрүштүк материалдары Кылмыш-жаза кодексинин 253-беренесинин 2-бөлүгү (Курал-жарак, ок-дарылардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестине катталды. Учурда УКМК тарабынан ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактоого тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш- чаралары жүргүзүлүүдө», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

374