Ысык-Көлдө зордуктоо аракети үчүн өз өлкөсүндө издөөдө жүргөн Монголиянын жараны кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан кабарлашты.
Милицияга Бишкек шаарынын 28 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал арызында чала тааныш жаран эс алуу жайларынын биринде мас абалында зордуктоого аракет кылганын, ага кол көтөрүп, денесине залал келтиргендигин билдирген.
Тергөө-ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектелип Монголиянын 36 жаштагы Я.Г. аттуу жараны кармалган. Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 37-154-беренесинин (Зордуктоого аракет кылуу) негизинде кылмыш иши козголгон. Райондук соттун чечими менен кармалган жаранга карата тергөө амалдарын жүргүзүү мезгилинде 2 айга камакка алуу баш коргоо чарасы тандалып алынган. Учурда кылмыш иши тергелип бүтүп, соттун кароосуна жөнөтүлгөн.
Зордуктоого аракет кылган деген шек менен кармалган 36 жаштагы жаран чындыгында 31 жаштагы Монголия жараны Д.Л. экендиги аныкталган. Ал өз өлкөсүндө бир катар алдамчылык аракеттерди жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн. Ошондой эле шектүү башка паспорт менен Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өткөн.
Тергөө иштери уланууда.