Кече, 14- май Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Ысык-Көл районундагы Сары-Камыш айылында «Агро-Куш» ири канаттуулар фермасынын расмий ачылуу аземи болуп өттү. Ферма жылына 2,5 млн жумуртка, 8,5 тонна тоок этин өндүрүүгө ылайыкташкан.
Өлкөдөгү эң ири канаттуулар фабрикасын ишке киргизүү үчүн Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунан 3,5 миллион АКШ доллары өлчөмүндө жеңилдетилген каражат бөлүнгөн.
Бүгүнкү күндө жылына 2,5 миллион жумуртка өндүрө турган инкубатор ишке киргизилген. Инкубациядан кийин өстүрүү процесси жүрөт. Ишканада заманбап европалык жабдуулар колдонулат, жаңы тоют заводу курулган, ошондой эле саатына 3000 канаттууну соё турган касапкана салынган.
Баштапкы этапта ишкананын жалпы кубаттуулугу жылына 8500 тонна тирүүлөй салмакты түзөт деп күтүлүүдө. Экинчи фазаны ишке ашыруу менен бул көрсөткүчтү жылына 20 миң тоннага чейин жеткирүү пландаштырылууда.
Мамлекет башчысы бул ишкана ички керектөөнү экологиялык таза продукция менен камсыздоого шарт түзөрүн белгилеп, аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө канаттуулар фермасында жаралган көйгөйлөрдү чечүүгө ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү, ошондой эле Ысык-Көл облусунун аймагындагы башка өндүрүш ишканаларын ачууга көмөктөшүүнү тапшырды.