«Октябрь райондук сотунун 2021-жылдын 14-майындагы чечими менен Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө департаментинин “Кумтөр Голд Компани” ЖАКка карата камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды өндүрүү жөнүндөгү доо арызы канааттандырылды “Кумтөр Голд Компани” ишканасынан 10 583 157,83 сом мамлекеттик алым, мамлекеттин пайдасына өндүрүлдү» -деп билдирет Жогорку соттун басма сөз кызматы.
Эске салсак, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын жалпы суммасы 2 105 631 566,26 сом.
Бул айыптоолор боюнча “Кумтөр Голд Компани” эл аралык сотко кайрылаарын билдирген болчу. Айрым саясат таануучулар бул жөн гана кыргыз бийлигин коркутуу, чынында алар эл аралык сотко кайрылса кайра көбүрөөк чыгымга учуруп, ал гана эмес жетекчилери соттолуп кетиши турган иш деген пикирлерин айтышкан.