7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Биздин Эл» партиясы Бишкек шаардык кеңешине кайра шайлоого катышуудан баш тартты

1931

«Биздин эл» саясий партиясы Бишкек шаардык кеңешине кайра шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу партиянын 27 жаштагы  төрагасы Аскар Алмаз уулу кече видео кайрылуу менен кабарлады.

«Көпчүлүк бул чечимибизди алсыздык катары кабыл алып, аягына чейин катышкыла деши мүмкүн. Биз шайлоочуларыбызга толук кандуу ишенебиз жана кайра катыша турган болсок, мурдагыдан да көбүрөөк добушка ээ болоорубузга да ишенебиз. Бирок, биз саясатчы эмеспиз, кандай матив менен болсо да бийлике баруу керек дегенден алысбыз. Бул кадамыбыз менен, даагы бир ирет, жаштар башкача ой жүгүртө алаарын далилдегибиз келет. Биз алардын саясий оюнуна катышкыбыз келбейт«, -дейт партиянын төрагасы.

Эске салсак, 11-апрелдеги Бишкек шаардык кеңешине жалпы 25 партия ат салышып, 6 партия 7%дык босого баллдан өтүп, мандат алуу алдында турган. «Биздин Эл» партиясы 10 миңден ашуун  добуш алып, 7 мандатка ээ болгон болчу.

Алгач НДПК партиясы добуш сатып алууга айыпталып, шайлоодон алган добуштары жокко чыгарылса, кийин Эмгек партиясына да «добуш сатып алуу» боюнча арыздар айтылып, бирок далилденбей калган. Ошого карабай «Ак-Бата» партиясынын лидери Нариман Түлеев, ТИК Эмгек партиясынын добушун жокко чыгарбаса, «Ак-Бата» партиясы мандаттарынан баш тартаарын жарыялаган.

Мындан улам БШК, 12-майда Бишкек шаардык кеңешиндеги шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Азырынча кайра шайлоо качан болоору айтыла элек.

Жалаң жаштардан тузүлүп, шайлоого биринчи катышкан «Биздин Эл» партиясы, БШКнын кайра шайлоо өткөрүү чечимин, орунсуз, саясий оюн катары баалайт.

«Өлкө экономикалык кризис абалда турса, жеке саясий кызыкчылык менен кайра-кайра шайлоо өткөрүү кимге кереги бар. Байлардын акчасы көп экен, элди ойлобойт экен, кайра-кайра шайлоо өткөрүп жүрө берсин. Биздин партия жалаң кесипкөй жаштардан куралган. Шайлоо фондуна делген 1 млн 600 миң сомду чогултуу деле оңой болгон эмес. Эми кайра шайлоо болсо кайрадан андай сумманы таап, шайлоого катыша албайбыз. Катышкыбыз да келбейт. Биз болгону эл үчүн иштеп бергибиз келген, коомдук иштерге мурдагыдай эле активдүү катышып, элге кызмат кыла беребиз» дейт партиянын өкүлү Асыл Сасыбаева.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1932