Мелис Аспековдун кайрылуусу боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, «Facebook» социалдык тармагында М. Аспековдун кайрылуусу жарыяланып, анда ал учурдагы өлкө башчы 2021-жылдын 10-январында өткөн Президенттик шайлоо алдындагы үгүт иштеринде мурдагы президент С. Жээнбековдон 10 миллион АКШ доллар акча алып, аны бардык облустарга үгүт иштерине жумшаганын билдирген. Мунун негизинде ал ишенимдүү адамдары тарабынан шайлоочуларды сатып алууну жүргүзүп келгенин дагы кошумчалаган.
«2021-жылдын 14-май күнү бул факты КЖБРге катталып, ИИМдин Тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 192-беренесинин 1-бөлүмү (Шайлоочуларды сатып алуу) менен сотко чейинки өндүрүштү баштады. Азыркы учурда жогорудагы фактылар боюнча зарыл болгон бардык тергөө иш-чаралары жүрүп жатат», — деп берилет маалыматта.