Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия, кече 14-майдагы жыйынында Жогорку Кеңештин «Республика – Ата-Журт» фракциясынан депутат Зарылбек Рысалиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурун токтотту.
Маалыматка ылайык, 10-майда БШКга Свердлов райондук сотунун чечими келип түшкөн. Анда сот Рысалиевди мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин бошотулушуна байланыштуу күнөөлүү деп таап, 300 миң сом айыпка жыккан.
«БШКнын ЖК депутаты З.Рысалиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу токтому КР Конституциясынын 19-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1,10-пункттарына, КРнын «КРнын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КРнын Конституциялык мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүмүнүн 1,5-пункттарына, КРнын «Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө» мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1,9-пункттарына ылайык кабыл алынды»- деп жазылат.
Зарылбек Рысалиевдин депутаттык күбөлүгү жараксыз деп табылды.
Ал өзү да мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшыруу боюнча арыз жазганы маалым болду.