Бишкекте 31 жаштагы кыз алгач зордукталып, кийин энеси экөө тең өлтүрүлгөн кылмышка шектүү катары 16 жаштагы өспүрүм бала кармалды. Бул тууралуу кече, 14-майда Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы билдирди.
12-майда күндүз милицияга Жибек жолу менен Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги барак тибиндеги турак үйдөн зомбулук менен өлтүрүлгөн 2 аялдын сөөгү табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Аларга бычак сайылган.
Ал жерге Свердлов РИИБдин ыкчам тергөө тобу жана жетекчилиги, Бишкек ШИИББдин жана ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын жетекчилиги барган.
Каза болгондор 1958-жылы туулган А.А. жана анын 1990-жылы туулган кызы А.А. экени аныкталган.
Аталган факт КЖБРга Жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүгүнүн 11-пункту (Эки же андан ашык адам өлтүрүү) менен катталган.
Свердлов РИИБдин жана Бишкек ШИИББдин кызматкерлери кылмышка шектүү жаранды кечээ, 13-майда борбор калаадан кармашты. Ал буга чейин соттолгон, Ысык-Көл облусунун 16 жаштагы тургуну экени аныкталды. Ошондой эле шектүү Ысык-Көл облусунда 7-класска чейин билим алып, 2018-жылдан бери Токмок шаарында жашап жүргөнү белгилүү болду.
Сурак учурунда өспүрүм мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жана жактоочунун катышуусунда жогорудагы кылмышты мойнуна алды. Андан тышкары далил буюмдарды берди.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.
Бишкекте 21 жаштагы кызды зордуктап, энеси экөөнү өлтүрүп кетишти