7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулаган жаран кармалды

649

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери мыйзамсыз балык уулап жаткан жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ой-Тал айылындагы көл жээгинен, жергиликтүү тургун Т.В. мыйзамсыз балык уулап жаткан жеринен кармалды. Кармалган жарандан 16 даана «Судак» балыгы жана 100 метр узундуктагы «Перемет» кармоочу куралы алынган.

Перемет — ырайымсыз балыкты кармоо түрүнө кирип, алардын урук чачуусуна өзгөчө тоскоол болот. Түзүлүшү боюнча, балык улоочу көп илгичтери коюлган узун боо түрүндө. Бирок илгичтерге жем салынбайт. Анын жанынан өтүп бараткан балыктар капталдары менен курч илгичтерге илинип калышат. Мындай балык улоонун түрүнөн жабыркаган балыктардын ички түзүлүшү бузулуп чирип, ооруп өлөт.

Бул факты Түп РИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, юридикалык баа берүү үчүн материалдар райондук милициянын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Мындан тышкары, келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо максатында, Мамэкотехинспекциянын Каракол шаары, Түп, Ак-Суу, Жети-Өгүз райондору боюнча башкармалыгына тиешелүү материалдар жөнөтүлдү.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

650