Бишкектин Биринчи Май районундагы Көкчө-Тоо көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жерине өрттү өчүрүүгө №8 ӨКБдан 1 бөлүм, 1 суу ташуучу унаа тартылган жана №4 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган.
Өрт саат 11:33тө чектөөгө алынып, толук саат 12:00 өчүрүлдү.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Жабыркагандар жок.