7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто 17 жаштагы кызды зордуктоого шектелип эки жигит кармалды

723

Ошто өспүрүм кызды зордуктоого шектелип 2 жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман тоо милиция бөлүмүнүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан Кара-Суу районунун тургуну, 2004-жылы туулган кызды зордуктоого шектелип 2 жаран кармалды. Алар, 2005-жылы туулган Н.И., жана анын теӊтушу Ю.М. Экөө теӊ Ош шаарынын тургундары.

Алгачкы тергөө амалдары көрсөткөндөй, шектүүлөр 17-май күнү, кечки саат 17.30 чамасында жабырлануучуга Ош шаарынын эс алуу бактарынын биринде кол салышып, күч колдонуп, жабырлануучунун эркине каршы зордуктап, окуя болгон жерге таштап кетишкен.

Издөө иштеринин натыйжасында бул экөө теӊ кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Алардын үстүнөн кылмыш кодексинин 154-беренесинин белгилери менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда.

Ош шаардык соту тарабынан шектүүлөрдү тергөө амалдары аяктаганга чейин абакта кармоо боюнча чечим чыгарылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

724