7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун кызматкерлери камалды

337

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясынын директорунун орун басары жана бөлүм башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Аталган мекемеде акча каражаттарын негизсиз бөлүү жана максатсыз пайдалануу фактылары аныкталып, бул региондогу экономикалык активдүүлүктүн өнүгүшүнө терс таасирин тийгизген.

Мисалы, Балыкчы шаарында бетон заводун курууга 5 жылдык мөөнөткө 6 млн сом өлчөмүндө үстөксүз ссуда бөлүнүп, бирок насыя алуучу каражатты максатсыз пайдаланган. Алдын ала маалыматтар боюнча, негизсиз берилген пайызсыз ссудалардын жалпы көлөмү болжол менен 31,5 млн сомду түзөт.

2024-жылдын 21-февралында кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясынын директорунун орун басары К.Р.А. жана бөлүм башчысы У.Т.У. Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда ушундай эле мыйзам бузуу фактыларын аныктоо боюнча текшерүү иш-чаралары улантылууда.

 

338