Балыкчы шаарына жакын жайгашкан Сары-Камыш айылындагы фабрикада 24 тоок сарайы иштей баштады. Бул өлкөдө ачылган 100 объектинин бири. Инвестициянын көлөмү – 10,3 млн доллар, кубаттуулугу жылына 12,1 миң тоннага жетет. Фабрика 200гө жакын адамды иш менен камсыз кылмакчы. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Ысык-Көлдүн Сары-Камыш айылында ири канаттуулар фабрикасы ишке кирди
