Ысык-Көл облусунун Сары-камыш айылында канаттуулар фабрикасы ишке кирди. Айыл чарба министрлиги фабрикада 24 тоок сарайы иштей баштаганын билдирди.
Бул өлкөдө ачылган 100 объектинин бири. Инвестициянын көлөмү – 10,3 млн доллар, кубаттуулугу жылына 12,1 миң тоннага жетет. Фабрика 200гө жакын адамды иш менен камсыз кылмакчы.