7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдүн тургуну курал-жарактарды мыйзамсыз сактап жүргөн

608

Ысык-Көлдө жергиликтүү тургун курал-жарак жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактап жүргөн. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, шектүүнүн өздүгү аныкталган. Ал Чолпон-Ата шаарынын 1960-жылы туулган И. Р. аттуу тургуну болуп чыккан. Анын турак жайына мыйзамдуу тинтүү жүргүзүлгөн.

Жыйынтыгында мыйзамсыз сакталып жаткан 16-калибрдеги кош ооз мылтык, ТОЗ-16 үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу курал жана 22 даана 5,6 калибрдеги ок дарылар табылып, далил зат катары алынган. Алынган курал жарактар жана ок даарылар соттук-баллистикалык экспертизага жиберилген.

Тинтүүдө алынган ок атуучу куралдар жана ок-дарлар жарактуу экени аныкталган. Алдын ала суракта шектүү өз күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.

609