7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө рейд учурунда 190 миң сом айып пул салынды

269

Жаратылыш министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Ысык-Көл облусунда өткөргөн жумалык рейддик иш-чараларын жыйынтыктады.

Рейддин негизги максаты – жаратылышты коргоо мыйзамдарынын жана жаратылышты пайдалануу тармагындагы талаптардын сакталышын камсыз кылуу, мыйзам бузууларды аныктоо, алардын алдын алуу жана бөгөт коюу болду.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузган бир катар фактылар аныкталып, 23 административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүлдү.

Анын негизинде мыйзам бузгандарга жалпысынан 190 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.

270