7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө Садыр Жапаров менен Эссозимна Гнассингбеге улуттук ат оюндары көрсөтүлдү

292

Президент Садыр Жапаров менен  Того Республикасынын Министрлер Кеңешинин Төрагасы Форум Эссозимна Гнассингбеге бүгүн, 30-апрелде, кыргыз элинин салттуу ат оюндары жана мелдештери көрсөтүлдү.

Иш-чара Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромдо өттү.

Ипподромдун кире беришинде конокторду добулбастардын добушу астында жоокерлер жана улуттук кийимчен кыздар тосуп алышты. Программанын алкагында “Намыс” (Нарын облусу) жана “Сары-Өзөн” (Чүй облусу) командаларынын катышуусунда көк бөрү боюнча көрсөтмөлүү оюндар болуп өттү. Андан ары “Манас” эпосунда сүрөттөлгөн байыркы “Салбуурун” оюнунун элементтери, анын ичинде алгыр куштар жана тайгандар менен аңчылык кылуу, ат үстүндө жаа атуу жана “Кыз куумай” улуттук оюну көрсөтүлдү.

Иш-чара каскадёрлор тобунун жорго салыш, найза менен атчан чабыш жана башка ат жалындагы өнөрлөрүн көрсөтүүсү менен аяктады.

293