7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө сууга чөгүп бараткан эки кыз куткарылды. Алардын абалы оор

965

Кечээ, 5-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Жети-Өгүз районундагы Кой-Сары тилкесинде эки кыз көлгө чөгүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат кызматы кабарлады.

Ага Каракол шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 жана Жети-Өгүз райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 3 куткаруучу тартылган. Бирок, куткаруучулар жерине жеткичекти райондун Кой-Сары аскер базасынын кызматкерлери чөгүп бара жаткан кыздарды катер менен сүзүп барып, суудан чыгарып алышкан.

Жээке чыгарылган эки жаран ӨКМдин куткаруучуларына өткөрүлүп берилген. Андан соң куткаруучулар Жети-Өгүз менен Липенка айылынын кесилишиндеги ооруканага алып келип, медицина кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Алдын ала маалымат боюнча кыздардын абалы оор. Алар Липенка айылынын 22 жаштагы А.Б жана А.А. аттуу жашоочулары.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

966