7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө өтө турган F1H2O мелдешине 25 миңге чейин конок күтүлүүдө

3

Ысык-Көлдө 31-июлдан 2-августка чейин Борбор Азияда алгачкы жолу суу-мотор спорту боюнча F1H2O (“Формула-1” суудагы жарышы) боюнча дүйнө чемпионаты өтөт.

Кыргызстандын Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директору Эдуард Кубатовдун айтымында, мелдешти өткөрүүгө бардык инфраструктура толугу менен даяр. Эки айдын ичинде 10 миң көрүүчүгө ылайыкташкан эл аралык иш-чаралар аянтчасы курулуп, дүйнөлүк деңгээлдеги мелдешти өткөрүүгө зарыл болгон бардык техникалык шарттар түзүлгөн.

«Бул Кыргызстан, Ысык-Көл гана эмес, жалпы Борбор Азия үчүн тарыхый окуя. Суудагы F1H2O (“Формула-1”) боюнча дүйнө чемпионаты биздин аймакта биринчи жолу өтүп жатат. Мелдешке 20га жакын эл аралык команда жана дүйнөнүн мыкты пилоттору катышары күтүлүүдө. Ошондой эле 30дан ашуун өлкөнүн өкүлдөрү келип, жалпы коноктордун саны 25 миңге чейин жетиши мүмкүн. Көрүүчүлөрдүн кызыгуусу жогору болгондуктан, уюштуруучулар көрүүчү орундардын санын көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн да карап жатышат», – деди ал.

Кубатов белгилегендей, мелдешти өткөрүүдө экологиялык талаптарга өзгөчө көңүл бурулат. Жарыш башталганга чейин жана ал аяктагандан кийин абанын, суунун жана көл жээгинин абалы боюнча изилдөөлөр жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы ачык жарыяланат.

Белгилей кетсек, дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрү 2-августта өтө турган финалдык жарыштардын жыйынтыгында аныкталат.

4