Ысык-Көлдү браконьерлердин торлорунан тазалоо иштери уланууда. Бүгүн тазалоо иштеринин жүрүшүндө Түп районунун Өрүктү айылынын тушунан көл түбүнөн эски балык уулоочу 10 тор чыгарышты. Торлордун жалпы узундугу болжол менен 1000 метрди түзөт.
Адистердин маалыматына ылайык, мындай торлор көлдүн экологиясына олуттуу зыян келтирип, балык ресурстарынын азайышына алып келет.
Ысык-Көл көлүн браконьерлердин торлорунан тазалоо иштери мамлекет тарабынан өзгөчө көзөмөлгө алынган. Бул иштер Президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө.
Тийиштүү кызматтар жарандарды мыйзамсыз балык уулоого жана тор коюуга каршы болууга чакырат. Эгер мыйзамсыз аракеттерди байкасаңыздар, укук коргоо органдарына кабар берүүңүздөрдү эскертебиз.
Посмотреть эту публикацию в Instagram



