Ысык-Көлдө жол кырсыгынан алты адам жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, кечээ, 17-декабрда Каракол — Эңилчек унаа жолунун 3-чакырымында Toуota Ipsum жана жүк ташуучу Mercedes-Benz Sprinter үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталып, кырсыктын кесепетинен 6 адам жабыркаган.
Жабыркагандар тез жардам кызматы аркылуу Ак-Суу райондук ооруканасына жеткирилген.