7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык күнгө кактанып, көлгө түшүү  организмди өзгөртүүгө дуушарлантып, сууга чөгүп кетүүгө жол ачат

129

ӨКМге караштуу Суучулдар борборунун суу алдындагы техникалык иштерди алып баруу эксперти Айдар Каптагаев менен маектешүүбүздө суу коопсуздук эрежелери туурасында кеңири айтып берди.

Суунун тереңдиги чоңдорго 170 см, балдарга 70 см болот

“Терең сууда ар бир кадамың эсептелүү. Дегеним, жаздым кетирсең суу эч качан адамды кечирбейт. Акыры жашоо шамы өчүп, өмүр уланбайт”, — деп сөзүн баштады каарманым. Ар бир адамдын өмүрү өз алаканында.

Өзгөчө өмүр менен өлүмдү  ажыратып биле элек балдардын, өспүрүмдөрдүн жай мезгилинде көлдө, суу сактагычтарда, дарыяларда улуулардын көзөмөлүсүз түшүп, экиден чөгүп, сөөгүн алып чыккан учурлар кездешет. Бирин-бири куткарам деп бирдей эки өмүр жалп өчкөнү өтө өкүнүчтүү… Мындайды көргөндө жүрөгүң ыйлап турат. Суу коопсуздук эрежесин ата-энелер да тынымсыз айтканы балдардын кулагына сиңет эле.

Суу коопсуздугуна кеңири токтолоюн, эрежеде көрсөтүлгөндөй, суунун тереңдиги чоң адамдарга 170 см, балдар үчүн 70 сантиметрди түзүп, жээктен 50 метр алыстыкта буйлар менен курчалат.  50 метр бул – эгер адам чөгүп кетсе,  аны куткарып, ага алгачкы жардам көрсөтүүгө кетчү убакыт эсептелген.

Эс алуучулардан бөлүнүп “жапайы жээкке” сууга түшпөңүз!

Эс алуучулардан өзүнчө бөлүнүп көлгө түшпөгүлө. Анткени, суучулдар менен камсыздалбаган “жапайы жээк” акыры трагедия менен аякташы мүмкүн. Катуу толкун башталып, тереңге тартып кетиши толук ыктымал. Мындай  учурда суучулдар алтынга алмашкыс акыркы мүнөттөрдө жетип бара албасы айтпаса да белгилүү. Жапайы жээктерде адам чөгүп кеткенден кийин анын сөөгүн издөө бир топ кыйынчылыкты жаратат эмеспи. Мындай окуялар суучулдардын эмгек чыйырында көп кездешет.

Андыктан туш келди жээктерге түшө бербей, суунун асты коопсуз экенин байкайлы. Көлдүн түбү катуу же кумдак болсун, балыр, баткак жерлерге түшпөңүз.

Эс алуучу суунун температурасына денесин көнүктүрүп гана көлгө түшкөнү туура. Көпчүлүгү ысык күнгө кактанып, денеси ысыган соң сууга киришет. Бул учурда организм өзгөрүүгө дуушарланып, тарамыш түйүлүп, кан-тамырлар ичкерип кетет. Кан коюуланып, инфаркт оорусуна кабылышы толук мүмкүн. Албетте бул өзгөрүү – адамды  сууга чөгүп кетүүгө гана алып келет.

Эгер сиз балдар менен эс алсаңыз… Санын кайра-кайра эсептеңиз

Жайкысын көлгө ата-энелер 5-6 бала менен эс алышат.  Сууга түшкөн учурда балдардан көз кырын албай, санап туруу зарыл. Мисалы, эс алуу лагерлеринде 10 баланы бир тарбиячы, 1 суучул-куткаруучу көзөмөлдөйт. Көлгө түшүп жатканда балдардын аттарынан чакырбай, кайра-кайра санын чыгаруу туура. Тарбиячылар, сууда сүзүүнү үйрөтүүчү инструкторлор да жаңылып, атын атагандан адашып калышы мүмкүн.

Ал эми балдар лагерлеринин кум-жээктери суунун түбү  нык, катуу жана таза болуусун жана жар эмеспи текшерип алуу керек. Жогоруда айткандай, суунун тереңдиги 70 см экени эрежеге жазылган. Тарбиячы-инструкторлор балдарга байма-бай көлдүн абалын жана суу коопсуздугун эскертип туруусу зарыл.

1 суучул-куткаруучу 50 метр радиусту көзөмөлдөйт

Эс алуу жайлары жай мезгили башталганча суучул-куткаруучуларды окутуп, көл түбүн текшерип, тазалашат. Эс алуучулардын коопсуздугу үчүн Куткаруучулар кум жээгине көз жүгүртүүчү мунара орнотуу керек. Себеби сууга түшкөндөрдүн көптүгүнөн алардын артындагы адам чөгүп жатканын көрбөй каласың. Андыктан, бийиктиктен көлгө түшкөндөргө байкоо жүргүзүүнүн натыйжасы жогору. Буга кошумча суучулдарга чыптама, бет кап, ласты, дем алуучу түтүк, акваториянын аянтына жараша тез жетүүгө моторлуу кайык, куткаруу шаймандары менен толук жабдуу зарыл. Эрежеге ылайык 50 метр радиустагы акваторияга тактап айтканда, 100 метр көл аянтын 1суучул-куткаруучу күзөтөт.

Эң таң калычтуусу – айрым эс алуу жайлары “куткаруучу бирдиги каралган эмес, ашыкча эле чыгым” деген түшүнүктөр менен иштеп келишет. Ага карабай эс алуу жайлардын жетекчилерине адам өмүрү баарынан кымбат экенин түшүндүрөбүз. “Эгер штатка коюлбаса да келишим түзүп, жай мегилинде суучул-куткаруучулар менен иштешкиле”, — деген талаптарды коёбуз. Тилекке каршы, коюлган талапты баары аткара бербейт.

Эсиңизде болсун!..

Суу ичиндеги оюндар, кыймыл-аракеттер экинчи адамга катуу тиет. Эгерде суу ичинде эс алуучулар күрөшсө же адамдын далысына чыгып сууга секирсе  адамды башына тээп алышы мүмкүн. Оюндун кызуусуна киргендер жанындагы адамдын катуу соккудан улам эсин жоготуп, сууга чөгүп кеткенин байкабай калышы мүмкүн. Кээде сууда сүзүүнү мыкты билбегендер да жарышып алыска кетип калышат. Айтор, кырсыктын себептери ар кандай.

Эл аралык эрежеге ылайык, кум жээгин кызгылтым сары жана кара атайы шар менен камсыздоо зарыл. Анткени кара шар – шторм, толкун башталганын жана куткаруучу жок дегенди түшүндүрөт. Ал эми баары тынчыган соң кызгылтым сары шар  көтөрүлүп, көлгө түшүүгө уруксат берет. Мына ушунай майда бирок маанилүү эрежени, суу коопсуздугун сактаңыздар.

 

 

130