7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзүн Камчыбек Ташиевдин уулу катары тааныштырган жалганчы кармалды

776

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчилигинин атын жамынган жалганчы адам кармалды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Кыргызстандын Д.С., К.Ж. жана Россиянын Д.Б. аттуу жарандары акчасын жана унаасын мыйзамсыз ээлеп алган “Адилет” аттуу кылмыштуу топтун мүчөсүнө карата чара көрүү жөнүндө арыз менен УКМКга кайрылышкан.

Бул факты боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын натыйжасында Н.А.Х. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кармалган жарандар УКМКнын төрагасы Ташиевдин уулу катары өздөрүн тааныштырып, коркутуу жана алдоо жолу менен 2019-жылы чыгарылган “Тойота Приус” үлгүсүндөгү унааны, ошондой эле 400 миң рубль өлчөмүндөгү акча каражатты ээлеп алышканы аныкталды.

Учурда тиешелүү тергөө иш-чараларын жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

777