7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзүн сыйлаган өлкөлөрдө «Венециянын» эмес, эл каалоосу биринчи орунда турат

202

30 жылдан бери кыргыз саясатында өз билгенин жасап келгендер бүгүн элдин, мамлекеттин жалгыз түркүгү, элдин таянган акыркы ишеничи бизбиз деп төш каккылап жатканы көпчүлүккө жаккан жок. Бийликте жүргөндөгү аракетин, болгон дараметин көрдүк го. “Мамлекет коркунучта” – деп дүрбөлөң салгандар 5-октябрдагы элдик толкундоолор болбогондо, бийликти эки партия басып алганда кандай абалда калаарыбызды ойлошту бекен? 

“Биримдик” партиясы менен “Мекеним Кыргызстан” парламентти ээлеп алып, Кыргызстанды каалагандай калчаганда, мына ошондо мамлекет коркунучка кептелмек. 5-октябрдагы элдик толкундоолордон кийин эгер Отунбаева, Текебаевдердин ою менен Сооронбай Жээнбеков президенттик тактысында калганда, абалыбыз азыркыдан да кейиштүү кейипти киймек. Ошондогу чыңалган саясий кырдаалды саясат таануучу Айнура Арзыматова элестүү сүрөттөп бериптир.
Быйылкы парламенттик шайлоону көрдүк. Сооронбай Жээнбеков жана Райымбек Матраимов кландык, жуурулушкан коррупциялык бийлиги мурдагыдан да бекемделип, күчтөндү. Кудай жалгап эл өз укугун коргоп чыкты. Уурдалган, соодаланган добуштар менен коштолгон парламенттик шайлоону тезинен жокко чыгарууну талап кылды. Жээнбеков акыр аягына чейин ошол парламентти сактап калууга тырышты. Эл бийликти алгандан кийин дагы Жээнбеков креслосун кармап калууга жанталашып, праламенттик шайлоону өткөрүп коюп, анан кетем деди. Буга Отунбаевалар шыкак берип турду. Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев аны сыйың менен кетип кал деп кысмакка албаганда, кандай болмок? Бийлик деген баары бир бийлик. Ал өзүнүн реваншисттик кадамдарын ошол эле күнү баштамак. Жаңы парламенттик шайлоону 20-декабрга дайындоо бул – Кыргызстанды даана туңгуюкка, башаламандыкка түртмөк. Саясий абал, жалпы журттун маанайы ошондой кыска убакытта шайлоо өткөрүүгө таптакыр туура келмек эмес. 

      Чындыгында бүгүнкү саясий абал менен эсептешкиси келбеген, Батыш эмне десе ошонуку туура, айныгыс факты, акыркы чындык деп түшүнгөн, өздөрүн кара таман элден өйдөбүз, прогрессивдүү ой жүгүртөбүз деген айрым мекендештерибиз “Венеция комиссиясы” андай деди, мындай деди” – деп шадыраңдап жатканы, алар үчүн Кыргызстандын эмес, башка өлкөлөрдүн кызыкчылыгы жогору тураарын далилдеп коюшту. Эсиңерге сала кетсек, дал ошол “Венеция комиссиясында” Кыргызстандын атынан Өмүрбек Текебаев мүчө. Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнө балта чапкан мыйзамдар, 2010-жылкы Конституция дал ошолордун диктовкасы менен жазылганын бүгүн түшүнүп отрубайбызбы (мисалы: Кыргызстандагы мыйзам актыларынан эл аралык мыйзамдарды жогору койгон, бир жыныстуулардын никелешүүсүнө жол ачкан беренелер).



       “Венеция комиссиясы” – бул кеңеш гана берүүчү орган. Анын чечимдери биздин “демокарттар” жар салып жаткандай, сөзсүз аткарылууга милдеттүү эмес. Жөн гана “тигинткиле, минткиле” деп сунушун гана бере алышат.  Европа Биримдигинин мүчөсү болгон Польшага деле 2019-жылы декабрда “соттук системаңарды эмнеге өзгөртүп жатасыңар, өзгөртпөгүлө, адам укугун биринчи орунга койгула” деп кыр көрсөткөн. Польша бийлиги ЕБдин мүчөсү болуп туруп, алардын айтканын чиркей чакканчалык көрүшкөн эмес. Стратегиялык өнөктөшүбүз болгон Россия быйыл жазында Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизип, россиялыктар “эл аралык соттор бизге сот эмес” деген тандоосун жасашкан. Бул өзгөртүүлөр боюнча дагы “Венеция комиссиясы” кыйкырган бойдон кала берген. 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

203