Хорватиядагы Zagreb Open эл аралык рейтингдик мелдешинде Айсулуу Тыныбекова алгачкы атаандашына утулуп калды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында жарыяланды.
Айсулуу кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 кг салмакта мелдештин тандоо турунда кытайлык Сяоцзюнь Луо (Xiaojuan Luo) менен күрөштү. Тыныбекова канчалык аракет кылганына карабастан атаандашы эки жолу төрт упай илип кетти. Жыйынтыгында ал кыргыз спортчуну 10:4 эсебинде утуп алды. Эгер Луо финалга чыга турган болсо, Тыныбекова коло үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алат.
Белгилей кетсек, мелдеш 1-5-февралда Загреб шаарында өтүүдө.