7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: «Жаңы технологиялар бир орунда турбайт, ошол себептүү биз артта калбашыбыз керек»

480

Жаңы технологиялар бир орунда турбайт, ошол себептүү  биз артта калбашыбыз керек. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Атакент” Казакстан бизнес-кызматташтык борборунун” аянтында “Digital Almaty 2023: Жаңы реалдуулуктагы санариптик өнөктөштүк” санариптик форумунун пленардык жыйынында билдирди (Алматы шаары, Казакстан Республикасы).

Жапаров бүгүнкү күндө санариптик эгемендүүлүк маселеси күн тартибинде турганын, санариптик эгемендүүлүктү камсыз кылуу XXI кылымда мамлекеттин эгемендүүлүгүнүн негизги белгиси болуп калышы мүмкүн экенин билдирди.

“Мурунку жылдары өлкөнүн же аймактын санариптик инфраструктурасы жана колдонулган IT технологиялары боюнча бир тараптуу чечимдерди кабыл алуу жана практикалык иш-аракеттерди жасоо укугуна басым жасалган. Биз тынымсыз санариптик технологияларды өнүктүрүү үчүн тең салмактуу шарттарды түзүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Биз интернеттин арзандыгы боюнча дүйнөдөгү алдыңкы үч лидердин катарындабыз. Бизде электр энергиясына болгон тарифтер эң төмөн”, — деди ал.

Акылбек Жапаров мамлекеттик башкарууга санариптик чечимдерди жигердүү киргизүүдө пайда болгон мамилелерди жөнгө салуу максатында уникалдуу Санариптик кодекс иштелип жатканын билдирди.

“Ошондой эле өткөн жылдын январь айында биз ошол эле криптовалюталарды жүгүртүүдөн келип чыгуучу мамилелерди, башкача айтканда, аларды түзүү, чыгаруу, сактоо жана жүгүртүүнү жөнгө салган виртуалдык активдер жөнүндө Мыйзам  кабыл алдык. Белгилей кетсем, биометрикалык шайлоо биздин өлкөдө шайлоочунун инсандыгын биометрикалык маалыматтардын (бармак изи, беттин геометриясы) негизинде идентификациялоо менен өтүп жатат. Бул система биздин аймакта учурда бизде гана пайдаланууда. Эми бул технологиялар мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө гана эмес, башка тармактарда, биринчиден финтехде колдонулат”, — деди Министрлер Кабинетинин башчысы.

Акылбек Жапаров белгилегендей, стейблкоин криптовалютасы биздин аймактын экономикалык мамилелеринде ишенимдүү позицияны ээлейт. 

“Балким, биз валюталарыбызга байланган аймактык стейблкоинди өнүктүрүү боюнча курстан өтүшүбүз керек. Жасалма интеллект да, криптовалюта да дүйнөнүн өнүгүшүнө түп тамырынан бери таасир эте турган маанилүү инновациялык чөйрөлөр экени анык, анын таасири биздин жашообузга интернеттин тийгизген таасири менен салыштырууга болот”, — деди ал.

Digital Almaty 2023: Жаңы реалдуулуктагы санариптик өнөктөштүк” санариптик форумунун пленардык жыйынынын алкагында Министрлер Кабинетинин башчысы “Digital Almaty Awards” сыйлыгынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземине дагы катышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

481