7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Zagreb Open эл аралык мелдеши: Бүгүн саат 15:00дө Айсулуу Тыныбекова күчүн сынайт

571

Бүгүн, 3-февралда Хорватиядагы Zagreb Open эл аралык рейтингдик мелдеште Айсулуу Тыныбекова күчүн сынайт. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, мелдеш 1-5-февралда Загреб шаарында өтүүдө. Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 кг салмакта мелдештин тандоо турунан баштап катышат. Тыныбекованын алгачкы атаандашы кытайлык Сяоцзюнь Луо (Xiaojuan Luo) болот. Ал буга чейин Азиянын эки жолку чемпиону (2015, 2019-жылдары) болгон.

Беттеш бүгүн Бишкек убактысы менен саат 15:00дө башталат.

Эскерте кетсек, аталган мелдешке Айпери Медет кызы (76 кг) дагы катышууда. Ал 4-февралда Бишкек убактысы менен саат 15:00дө килемге чыгат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

572