7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Zagreb Open эл аралык мелдешинде Айпери Медет кызы күмүш медаль жеңди

652

Хорватиядагы Zagreb Open эл аралык рейтингдик мелдешинде Айпери Медет кызы күмүш медаль жеңди. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында жарыяланды.

Медет кызы кыз-келиндер күрөшү боюнча 76 кг салмакта мелдештин 1/8 финалынан баштап күчүн сынады.

Ал алгач индиялык Киран аттуу кыз менен килем үстүнө чыгып, атаандашынын далысын жерге басуу менен таза жеңишти камсыздады. Чейрек финалда кыргыз кызы канадалык Жюстина Ди Стасио менен күрөшүп, анын дагы далысын жерге басып, жеңишти камсыздады.

Ал эми жарым финалда Медет кызы кытайлык Жуан Вангга каршы килемга чыкты. Кармашта эки упай артыкчылык менен келе жаткан кыргызстандык спортчу кайрадан атаандашынын далысын басканга жетишти. Финалда Айпери Медет кызы америкалык Елена Макойедге 2:4 эсебинде утулуп, мелдештин күмүш медалына татыды.

Мелдеш 1-5-февралда Загреб шаарында өттү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

653