7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бали! Zagreb Open мелдешинде Айпери Медет кызы да алтын утту

814

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Айпери Медет кызы Zagreb Open биринчи рейтингдик турниринде алтын медалга ээ болду.

Балбан Айпери Медет кызы финалдык беттеште кытайлык Хуан Ван менен кез келип, аны 2:1 эсебинде жеңип чыкты.

Мелдеш 10-14-январь күндөрү Хорватиянын Загреб шаарында өтүп жатат.

76 кг чейинки салмак ченинде күч сынашып жаткан Айпери Медет кызы мелдештин 1/16 финалынан тарта катышып, ал россиялык Рита Талисманова, канадалык Жюстина Ди Стасио, америкалык Аделайн Грей, франциялык Полин Лекарпентти жеңип, финалга жолдомо алган.

Белгилей кетсек, буга чейин кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова дагы Zagreb Open рейтингдик турниринде алтын медаль уткан.

 

815