7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов тууралуу фактылар. Кайсыл чыгармасын билесиз?

7911

Кыргызстандын залкар уулу бир гана кыргыз элине эмес, дүйнөгө аты таанымал белгилүү жазуучу, коомдук мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматов Талас облусуна караштуу Кара — Буура районундагы Шекер айылында 1928-жылы 12 — декабрь да туулган. Залкар жазуучунун өмүр жолу, чыгармачылыгы тууралуу маалыматтар аз эмес. Бул макалада залкар жазуучубуз тууралуу фактыларды сунуштайбыз.

1. Чыңгыз Айтматовдун чыгармасы кыргыз тилинде да, орус тилинде да жаралган. Анын биринчи чыгармасы «Гезитчи Дзю» повести орус тилинде жазылган.
2. 1997-жылы жазуучуга “Кыргыз Республикасынын Баатыры”деген ардактуу наамын алган. Ал эми Кыргызстандын Эл жазуучусу наамы ага совет доорунда эле берилген.
3. Чыңгыз Айтматовдун апасы татар, атасы кыргыз болгон.
4. Жазуучу 14 жашта эле, чоң кишилердин баары согушка кеткендиктен, айылдагы кеңештин катчысы болуп иштеген, анткени ал орус тилин жакшы билген.
5. Чыңгыз Айтматов Кыргызстан менен мурунку СССРде гана эмес, Өзбекстанда, Венгрияда, Россияда, Казакстанда, Азербайжанда, Польшада 14 орден, 5 медаль алган.
6. Анын жазган чыгармалары 100дөн ашуун тилге которулган.
7. Биринчи чыгармасы, жарык көргөндө Чыңгыз Айтматов 24 жашта болгон.
8. Дүйнөгө белгилүү “Rammstein” тобунун вокалисти жана лидери немец артист Тилл Линдеманн сүйүктүү жазуучусу Чынгыз Айтматов экенин айтып келет.
9. Чыңгыз Айтматов 3 жыл ветеринар болуп иштеген.
10. Ал ырлардан, кыска романдар менен аңгемелерден баштап, көлөмдүү романдарга чейин ар кандай чыгармаларды жазган.
11. Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгынан 30 тасма тартылган.
12. Анын чыгармалары мурдагы СССР өлкөлөрүнүн башка Шри-Ланкада, Германияда жана Түркияда көрсөтүлгөн.
13. Лондондо Айтматов академиясы иштейт, ал жакта жыл сайын жазуучунун туулган күнүндө жазуучунун атындагы адабий сыйлыкты тапшырат.
14. Москвада эки сейилдөө бакчасына Чыңгыз Айтматовдун ысымы коюлган, ошондой эле ага арналган эки эстелик бар.
15. Жазуучу эки жолу үйлөнүп, артында төрт баласы калган.
16. Түрк бийлигинин сунушу менен Чыңгыз Айтматов адабият боюнча Нобель сыйлыгына көрсөтүлгөн.
17. Анын сөөгү өз каалоосу менен атасынын жанына коюлган. Учурда анын ысмында үй-музей бар.
18. Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары дүйнөнүн 200дөн ашуун тилдерине которулган.
19. Аэрофлоттун 2014-жылы пайдаланууга берилген учактарынын бири Чыңгыз Айтматов деп аталат.
20. Дүйнөнүн 7 өлкөсүнүн – Баку, Астана, Люксембург, Ташкент, Бишкек, Казань жана Анкара шаарларындагы көчөлөр жазуучунун ысымы менен ыйгарылган.
21. 2008-жыл Кыргызстандын бийлиги тарабынан Чыңгыз Айтматов жылы деп жарыяланган.
22. Чыңгыз Айтматов бардык кол жазмаларын машинка колдонбостон, кол менен жазганды жакшы көргөн.
23. Чыңгыз Айтматовдун атасына болгон сүйүүсү өзгөчө болгон. Ал атасын 50 жыл издеген. Төрөкул Айтматов репрессиянын курмандыгы болгондугу маалым. Төрөкул Айтматов атылганда Чыңгыз тогуз жашта эле. Ал атасын алгач сүргүнгө айдалды деп гана жүргөн.

24. Күчтүү эс тутумга ээ болгон. Айтматов кандай гана семинар, жыйналыштарга барбасын баарын эстеп калаар эле. Кийин айтылган сөздү кемитпей айтып берчү экен.
25. «Өзгөчө ак көңүл болчу. Убакытынын көпчүлүгүн эл алаар эле. Колунан келген жардамын аячу эмес. Кээде элчилер чече албаган маселелерди Айтматов чечип берчү. Күчтүү авторитетине карабай жөнөкөй эле. Айрымдары кичинекей проблемаларына деле жардам сурап келе берчү. Эң өкүнүчтүүсү Айтматовду пайдалангысы келгендер өтө көп эле», — дейт адабиятчы Эсентур Кылычов.
26. 2008-жылы 16-майда Татарстанда сапарда жүргөн чагында бөйрөгүнүн иштебей калганына байланыштуу жазуучуну Германиянын Нюрнберг шаарынын ооруканаларынын бирине жеткиришет. Ал жакта 2008-жылдын 10-июнунда пневмония оорусунун кесепетинен жазуучу көз жумган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

7912