Кыргызстандын жети миллионунчу жашоочусу Жакшылык төрөт үйүнөн чыгарылды. Бул тууралуу видеону министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов фейсбук баракчасына жарыялады.
Эскерте кетсек, Кыргызстандын жети миллионунчу жашоочусу Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 19-октябрда төрөлгөн. 7 миллионунчу кыргызстандык фермер Валижан Абдурасуловдун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Апасы — Айжаркын Сыраждинова, 1982-жылы туулган. Бул анын төртүнчү баласы. Ымыркайдын салмагы 3,9 кг, бою 54 см.
Президент Садыр Жапаров 7 миллионунчу кыргызстандыкка өлкөнүн гүлдөп-өнүгүшүн билдирген Жакшылык ысымын берген. Жакшылыктын депозиттик эсебине мамлекеттен 1 миллион сом которулуп, ал аны жашы жеткенде өз муктаждыктарына колдоно алат.
Жети миллионунчу жаран менен алты миллионунчу жарандын ортосундагы айырма 7 жылды, алты миллионунчу жаран менен беш миллионунчу жарандын ортосундагы айырма 13 жылды, ал эми беш миллионунчу жаран менен төрт миллионунчу жарандын ортосундагы айырма 17 жылды түздү.
Посмотреть эту публикацию в Instagram