7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Зам Зам билдинг” курулуш компаниясы кара тизмеге киргизилди

9

“Зам Зам билдинг” курулуш компаниясы кара тизмеге киргизилди. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тактап айтканда, Бишкек шаарындагы Севастопольская көчөсү 8, Славян көчөсү 6/1 жана Фурманов көчөсү 13 даректеринде курулуп жаткан 14 кабаттуу турак жай комплексинде курулуш эрежелери жана техникалык коопсуздук талаптары сакталган эмес. Мындан тышкары, курулуш-монтаждоо иштеринде бир катар курулуш ченемдери бузулган.

Ошондой эле подрядчы компания тарабынан объекттин ичинде кеңсе жайлары уюштурулуп, жарандар кабыл алынганы аныкталган. Бул объект жогорку кооптуу өндүрүштүк объекттерге киргендиктен, мындай аракеттер мыйзам бузуу болуп саналат.

Натыйжада, курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Зам-Зам билдинг” ЖЧКсына карата айып пул каралып, лицензиясынын токтотулушу комиссиянын отурумунда каралды.

Комиссиянын 2026-жылдын 23-январындагы чечими менен “Зам-Зам билдинг” ЖЧКсынын лицензиясы 90 күнгө токтотулду.

10