Кыргыз футбол союзунун өкүлдөрү 8-сентябрда «Манас» эл аралык аэропортунан Өзбекстандын футбол боюнча курамасын тосуп алды.
Коңшулаш мамлекеттин курамасы Бишкекке, 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын үчүнчү тандоо раунду алкагында өтө турган Кыргызстан-Өзбекстан беттешине катышуу үчүн келишти.
Кыргыз футбол биримдигинин Аткаруу комитетинин мүчөсү Бахадыр Кочкаров жетектеген КФБнын делегациясы Өзбекстан курамасынын оюнчуларына жана машыктыруучу штабынын өкүлдөрүнө ак калпак кийгизип, белектерди тапшырып, сыйлуу тосуп алышты.
Оюн 10-сентябрь күнү саат 20:00до борбор калаанын Д.Өмүрзаков стадионунда өтөт.