ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун “Эдельвейс” тоо куткаруу кошууну «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркындагы «Мугалим» жана «Байчечекей» тоо чокуларына жүрүш жасашты
Кошуундун курамы тоодо куткаруу иштерине даярдыктан өтүп, тажрыйбалык сабактарды өздөштүрүштү. Анын алкагында куткаруучулар бийиктикте өзүн алып жүрүү, асканын бетине, муз баскан чокуларга чыгуу, тоодон куткаруу иштери, аска тоодо жабыркаган адамдарга жардам берүү иштерине даярдык көрүштү.
Бийик чокуларга чыгуунун негизги максаты — «Эдельвейс» тоодо куткаруу кошуундун куткаруучуларын альпинизмге кызыктыруу, I даражадагы спорттук дээңгелге чыгаруу болуп саналат.