Бишкекте өтө турган футбол боюнча Кыргызстан – Өзбекстан беттешинде 3 миңдей милиция кызматкери коомдук тартипти камсыздайт. Бул тууралуу Бишкек ШИИБ билдирет.
Оюн эртең, 10-сентябрда кечки саат 20:00дө Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Күйөрмандар стадионго кирерде коопсуздук чараларынын алкагында текшерүүдөн өтүшөт. Мындан улам кезекке турууну түшүнүү менен кабыл алып, стадионго беттеш башталганга эки саат калганда келүү керектиги айтылды.
Стадиондун аймагына айнек жана желим буюмдарды, пиротехникалык каражаттарды алып кирүүгө тыюу салынат.