7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

847

Президент Садыр Жапаров «2021-жылдын 11-мартында Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Бул мыйзамдын негизги максаты Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө Кыргызстан Өкмөтү менен Өзбекстан Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо боюнча мамлекет ичиндеги процедураларды өткөрүү болуп саналат.

Фонд Кыргызстандын экономикасынын приоритеттүү тармактарында өзүн өзү актаган долбоорлорду зайым берүү, капиталына катышуу жана башка финансы инструменттерин пайдалануу менен Кыргызстандын аймагында катталып жана ишмердүүлүгүн жүргүзгөн чарба субьектилерине каржылоо жүргүзөт. Буга байланыштуу, Кыргызстан менен Өзбекстандын экономикалык кызматташтыгы, экономиканы модернизациялоо жана өнүктүрүү, эки тараптуу кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу пландалууда.

Фонд Уставдык капиталы 50 млн АКШ доллары менен болуп, ал Өзбекстан тарабынан салынып, кийинчерээк уставдык капиталы 200 млн АКШ долларына чейин жеткирилген эл аралык уюм болот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

848