7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзбек жарандарына КР жарандыгын берген Кара-Кулжа бөлүм башчысы кармалды

2333

20-октябрда Ош облустук Кара-Кулжа районунун жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты каттоо жана паспорттоштуруу бөлүмүнүн башкы адиси “О.Т.А.” кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “O.T.A.” кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жасалма документтердин негизинде мыйзамсыз түрдө Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун Өзбекстан Республикасынын жарандары “Ю.М.У.” жана “С.М.С.” белгилүү бир акчалай сый акы үчүн бергени аныкталган.

Кармалган “О.Т.А.” КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 330- беренесинин 2-бөлүгү (Паспортту мыйзамсыз берүү) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Азыркы учурда, КР калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин  кызмат адамдарынын жана кармалган адамдын байланыш түзүүзү боюнча, жана ошондой эле Ош облусунун Кара-Кулжа районунун жарандык абалдын актыларын каттоо мекемесинен чет өлкөлүк жарандарга мыйзамсыз документтерди берген фактыларды аныктоо боюнча тергөө аракеттери жана тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2334