7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзбекстан чек ара чырына чекит коюп Үңкүр-Тоо аймагын Кыргызстанга берет

856

Өзбекстан чек ара чырына чекит коюп Үңкүр-Тоо (Унгар-Тоо) аймагын өткөрүп бермей болду. Бул тууралуу президенттин пресс-катчысы Галина Байтерек мамлекеттик иш сапардын жыйынтыгы боюнча берген комментарийинде айтты.

Маалыматка ылайык, Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча эки тарап тең бул ишти жакынкы үч айдын ичинде бүтүрүү керек деген бүтүмгө келишкен. Мамлекеттик чек араны юридикалык жактан каттоону аягына чыгаруу чек ара аймактарындагы туруктуулукту чыңдап, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө жаңы дем берет.

Жакынкы аралыкта мамлекеттик чек арадагы жети өткөрүү пунктунун иши жанданаары белгилүү болду, өзбек тарап жүк ташуу маселесин чечүүгө, зарылчылыкка жараша документтерди сканерлөөгө ылайыктуу техника менен камсыз кылууга убада берди.

Кыргыз тарап Кыргызстандын аймагында жайгашкан Өзбекстандын Сох анклавына транспорттук жана аба каттамдарын ачууга даяр. Анклавдын жашоочулары мамлекеттик чек арадан эркин өтүшөт.

Өз кезегинде, өзбек тарап Кыргызстанга ушул мезгилге чейин чек ара аймагынын тургундарынын ортосунда талаш жана саясий тирешүү болуп келген Унгар-Тоо аймагын берүүгө даяр.

Мамлекеттик чек араларды делимитациялоого байланыштуу калган талаштуу маселелерди өзбекстандык кесиптештери менен бир нече жолу жолугушууларды өткөргөн атайын комиссия чечет. Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстан менен олуттуу жана кеңири кызматташууга даяр экендигин билдирди.

857