Өзбекстан кыргыз аскерлерине тик учак белек кылат. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик иш-сапарынын жыйынтыгы боюнча тараган маалыматта айтылат.
Маалым болгондой, Коргоо министрлиги аркылуу Өзбекстан тарап Кыргызстанга бир тик учакты акысыз берет жана дагы бир тик учакты калыбына келтирүүгө даяр.
Ошондой эле, жалпы аскердик багыттарда адистерди даярдоо, учкучтарды жана байланыш кызматкерлерин даярдоо маселеси иштелип жатат.