2025-жылы Өзбекстан 450 миң автоунаа чыгарып, экспорттун көлөмүн 700 миллион долларга жеткирүүнү пландоодо. Бул тууралуу Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы өлкөнүн автомобиль өнөр жайын өнүктүрүү программасынын бет ачарынан кийин билдирди.
Программанын негизги максаттарынын бири — аймактык ишканалар менен кызматташууну күчөтүү жана локализацияны жогорулатуу. Программа жалпы суммасы 325 миллион долларды түзгөн 63 долбоорду ишке ашырууну камтыйт, бул 700 жаңы тетиктерди чыгарууга мүмкүндүк берет.
Джизак облусунда BYD компаниясы менен бирге курулган электр унаа заводу Chazor жана Song Plus Champion үлгүсүндөгү унааларды чыгара баштады. Жакынкы жылдарда моделдердин ассортиментин кеңейтүү пландаштырылууда. Экинчи этапта 300 миллион доллар инвестиция менен электромобилдердин өндүрүшүн көбөйтүп, жылына 200 миң даанага, үчүнчү этапта 500 миңге чейин жеткирүү пландалууда.
Президент Шавкат Мирзиёев кытайлык өнөктөштөр менен кошумча өндүрүштүк жайларды курууну макулдашууну, ошондой эле электромобилдердин жана автоунаалардын тетиктерин ыгаруу боюнча пландарды иштеп чыгууну тапшырды.
Өзбекстандын өнөр жайында автоунаа чыгаруунун үлүшү 10 пайызды түзөт. Үстүбүздөгү жылдын он айында 338 миң жеңил автоунаа чыгарылып, тетиктердин 1,4 миң түрү локалдаштырылган, экспорт 455 миллион долларга жеткен.